Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Казакстан: Мектепке зарлар жана мектепке байлар


№9 лицейдин жанында ата-энелер нааразылык акциясын өткөрүүдө. Темир-Тоо, 31-май 2011-жыл.
№9 лицейдин жанында ата-энелер нааразылык акциясын өткөрүүдө. Темир-Тоо, 31-май 2011-жыл.

Казакстанда совет заманында түшкө кирбегендей окуя болду. Өнөр жайлуу Темир-Тоо шаарында айрым орус тилдүү мектептер балдар жетишпегенден улам 1-сентябрдан тарта жабылат.

Ортолук Казакстандын Темир-Тоо шаарындагы №9 орус лицейи жана №16 кош тилдүү мектепте жаңы окуу жылынан сабактар жалаң
Кээ учурда сабакты коридордо окуган учурлар бар. Мындай абал бир нече жылдан бери уланууда.
Юрий Жилин


казак тилинде өтүлө баштайт. Мындан улам 1200дөй орус тилдүү бала 1-сентябрдан тартып шаардагы башка мектептерге барып окууга тийиш. Бул жөнүндө ата-энелерге май айында ырасмий түрдө эскертилген.

Ошондон тарта ата-энелер шаар жетекчилигине кайра-кайра кайрылып, балдарын мурда окуган мектебинде калтырууну өтүнүшүүдө.

Атүгүл үстүбүздөгү жумада президент Назарбаевге, премьер-министр Касимовго, башкы прокурорго кат жөнөтүп, алардын талабы аткарылбаса, ачкачылык жарыялай турганын эскертишти.

Марина Жамбурбаева. 1-июнь 2011
Алардын бири Марина Жамбурбаева ата-энелер өз максатына жетүү үчүн акыр аягына чейин күрөшөөрүн айтат:

- Биз азырынча эч жакка барбайбыз. Биз ачкачылык жарыялайбыз же иш таштоого барабыз. Мен өзүм соңуна чейин баламдын документин мектептен албайм.

Темир-Тоо шаар өкмөтү ата-энелердин талабын укчудай эмес. Калаа мэринин орун басары Юрий Жилиндин “Азаттыкка” билдиришинче, шаарда 16 орус тилдүү мектеп болсо, алардын 50 процентинде класстар жарым-жартылай гана толгон. Калган мектептер окуучулар менен 75 процент гана камсыз болгон. Башка да 12 мектепте сабак орус жана казак тилдеринде окутулат.

Ал эми өнөр жайлуу калаада казак тилдүү үч гана мектеп бар. Акыркы жылдары шаарда казак оралмандардын саны көбөйүп, балдарын өз эне тилинде окутууну каалаган ата-энелер арбын. Андыктан казак мектептерде класстар таңсык жана орун жетишпейт.

“Кээ учурда сабакты коридордо окуган учурлар бар. Мындай абал бир нече жылдан бери уланууда”, - дейт Юрий Жилин.

Темир-Тоонун бийликтери жабылчу мектептердин мугалимдерин жумуш менен камсыздайбыз деп деп кепилдик берип, көңүлүн алган. Бирок ата-энелер балдарыбыз мурдатан көнгөн мектебине барыш керек деп санашат.

“Эмне үчүн кенже уулум өзү окуган мектептен кетип, анын ордун башка бала ээлеш керек. Анын үстүнө уулум 10-класска барат. Мен анын психологиялык абалы жөнүндө ойлошум керек,” - дейт темиртоолук Татьяна Тычкова.

Ырасмий маалыматтар боюнча, акыркы жылдары казак тилине кызыгуу өсүүдө.

Бул бир жагынан акыркы он жылда казактардын саны 26 процентке өскөнү менен түшүндүрүлөт. Азыр Казакстандын 16 миллион элинин 4 миллиону орустар.

Экинчиден, 2020-жылга бардык жарандар мамлекеттик казак тилинде сүйлөгөндөй болсун деген планга байланыштуу. Ал үчүн казак тилиндеги масс-медиага катар казак мектептерди кеңейтүү да мерчемделген. Бул максатта ишкана-мекемелерде казак тилин үйрөтчү класстар ачылган. Өкмөттүк мекемелерге кызматка кирген адамдардын мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бирок да орус тилдүү мектептерди казак тилине которуу маселеси али толук чечиле элек. Бул өкмөт үчүн чоң проблема болорун Темир-Тоонун береги мисалы көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG