Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Жогорку Кеңеште Ташиев Сулеймановдон кечирим сурады


“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Бахадыр Сулеймановдон дагы бир жолу кечирим сурап, кесиптеши аны кабыл алды.

28-июнда “Ата Журт” фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап жаткан парламенттик комиссиянын жыйынында жарашуу демилгеси Ташиев тарабынан чыгып, ал болгон окуя үчүн өкүнүп жаткандыгын билдирип, кесиптеши Бахадыр Сулеймановдон кечирим сураган эле.

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деп, анын кол тийбестигинен ажыратууну Жогорку Кеңештен сураган болчу. Буга “Ата Журт” фракциясынын дагы бир депутаты Бахадыр Сулеймановдун "мени фракция башчысы сабады" деп, прокуратурага жазган арызы себеп болгон. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG