Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Ливиянын оппозициясы куралга муктаждыгын билдирди


Муаммар Каддафини кулатуу максатын көздөгөн Ливия козголоңчулары куралга муктаждыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин өкүлү Махмуд Джибрил Австрияга сапарынын учурунда билдирди.

Бир күн мурда Франция аскерлери Триполинин түштүк батышындагы оппозиция күчтөрүнө абадан курал ыргытышканын билдиришкен. Бүгүн Кытай Ливиядагы эл аралык аскерий операцияларга катышып жаткан өлкөлөрдү БУУнун алкагындагы макулдашуунун чегинен чыкпоого үндөдү. Бритнаия болсо Бенгазидеги козголоңчуларды ок өтпөс кийимдер, байланыш каражаттары менен жабдып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG