Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Беларуста 100дөн ашык киши кармалды


Минскиде өткөн нааразылык акциясында жүздөн ашык киши кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу «Весна» уюму билдирди. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда, полиция акция катышуучуларына өтө катаал мамиле жасап, журналисттерге сүрөт, видео тартууга тоскоолдук кылууда.

Шаардын борборундагы уруксат берилбеген "үн чыгарбоо" акциясына бир нече жүз адам чыккан. "Социалдык тармактар аркылуу - ыңкылап" деп аталган мындай акция интернет тармагындагылардын демилгеси менен Беларуста төртүнчү ирет өтүп жатат.

Акцияга чыккандар, үн чыгарбай, маал-маалы менен кол чаап туруу аркылуу Беларустун азыркы бийлигине каршылык билдирип жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG