Шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган ЖК спикери Акматбек Келдибековдун жарыялаганына караганда, добуш берүүдө Жаркын Бапанова 87, Жеңиш Акматов 82 добуш менен мүчөлүккө кайра шайланышты. Ал эми учурдагы БШКнын төрагасы Акылбек Сариев 54, Эрик Ирыскулбеков 50 добуш топтоп, шайланбай калышты.
Учурда депутаттар эки талапкерди президент кайра көрсөтүү укугу барбы -жокпу деген маселени талкуулап жатышат. Президенттик шайлоо алдында президент менен парламенттин ортосунда чыңалган кырдаал уланууда. Бүгүн президент Роза Отунбаева парламентте сөз сүйлөп, анда президенттик шайлоону өткөрүү анын миссиясы экенин белгиледи. (BuS)