Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Акыйкатчыны кызматтан алуу үчүн жаңы комиссия түзүү сунушу өткөн жок


Акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу үчүн жаңы комиссия түзүү сунушу парламентте жетиштүү добуш топтогон жок. Жаңы комиссия түзүү демилгесин депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп, мунун себебин мурдагы комиссиянын ишинде чекиликтер кеткени менен түшүндүргөн болчу.

21-апрелде Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акундун 2010-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу жылдык баяндамасы каралып, бул баяндама депутаттардын колдоосун таба албай калган. Мыйзамга ылайык, баяндаманы парламент жактырбаса, акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси каралууга тийиш эле. Натыйжада омбудсменди кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча комиссия түзүлгөн.

Турсунбек Акун парламенттин аны кызматтан алууга укугу жоктугун билдирип, Акыйкатчы институтунун айланасындагы соңку жагдайлар ага каршы адамдардын кызыкчылыгында жасалганын белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG