Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Ливия козголоңчулары Францияга алкыш айтты


Ливиялык козголоңчулардын лидери курал менен камсыздаганы үчүн Францияга ыраазычылык билдирди. Алардын Улуттук өткөөл кеңешинин төрага орун басары Махмуд Жибрилдин айтканына караганда, "Нафуса тоолорундагы ливиялыктар каармандыгы жана эрдиги, ошондой эле Франциянын кыраакылыгы жана колдоосу айкалышканынан улам аман калышты".

Өлкөнүн батышындагы Нафуса тоолорунда өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан Бербер уруусунун согушкерлерине Франция өткөн айдын башында абадан курал таштаганын француз армиясынын өкүл ушул шаршембиде ачыктаган.

Ага чейин жалгыз Катар гана ливиялык согушкерлерди курал менен тикелей камсыздап жаткан өлкө ирээтинде белгилүү болчу.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, альянс Франциянын демилгесине аралашкан эмес жана анда ливиялык козголоңчуларга НАТОнун башка мүчөлөрү да курал жагынан жардам бергени боюнча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG