Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

КСДП кезексиз сессияда үч маселени кароону сунуштады


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы төрага Ахматбек Келдибековго кайрылып, орчундуу делген үч маселени кезексиз сессияда кароону сунуштап жатат. Алар: сот реформасы үчүн Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү, өкмөттүн структурасын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын президент сунуштаган эки мүчөсүн бекитүү. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады.

30-июндагы Жогорку Кеңештеги отурумунда БШК төрагасы Акылбек Сариев 54, Эрик Ирыскулбеков 50 добуш менен шайланбай калышкан. Бул эки талапкерди президент Роза Отунбаева кайра сунуштаган.

Бүгүн кезексиз сессия өткөрүү демилгеси менен башка депутаттар да Келдибековго кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG