Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Кочкор-Башы: Анын урандыларын сактоо керекпи?


Байыркынын балбал таштары. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 16.5.2011.
Байыркынын балбал таштары. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 16.5.2011.

Байыркы эстеликтердин биринин ачуу тагдыры тууралуу учкай сөз.


Ала-Тоонун карт тарыхы эмнелерге гана күбө болбоду!

Өтмүш тарыхынын ар кыл окуяларын эскергенде жер аталыштары аркылуу да түз жана кыйыр жыйынтыктар чыгарылса болот.

Тээ орто кылымдардан бери жергебизде ырааттуу сакталып келаткан жер-суу аттарынын бири – Кочкор.

Азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндө орто кылымдардагы Караханийлер каганаты доорунда Кочкор-Башы (аны илгеркилер “Кочңар-Башы” деген вариантта айтышкан) деген шаар болгон.

Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.

Бул шаар 11-кылымдагы Махмуд Кашгаринин дүйнө картасында Ысык-Көлдүн батыш ыптасында бир тоодон кийин жайгаштырылган.

Чынында да, Ысык-Көл өрөөнү менен Кочкор өрөөнүн бөлүп турган бөксө тоо азыркы орографиялык маалымат менен тастыкталат.

Баласагын шаарын (азыркы Бурана шаар чалдыбары) Кочкор-Башыдан бир тоо кыркасы бөлүп турат. Бул да чындыкка төп келет.

Баласагындан Кочкор-Башы тарапка Кыргыз Кырка тоосу аркылуу өтчү ашуу “Замби-Арт” деп аталган.

(Маркум тарыхчы жана чыгыш таануучу, профессор Өмүркул Караев байма-бай жазгандай, бул ашуунун аталышы акырындап өзгөрө берип, Шамшы ашуусу болуп бизге чейин жетти).

Кудай жалгап, “Кочкор-Башы” деген эски аталыш азыркыга чейин “Кочкор” деп кыскартылган түрдө сакталып келиптир.

Демек, бул өрөөндөгү калайык - өзүбүздүн эле теңир-тоолук түрк тилинде сүйлөгөн ата-бабабыз. Тили да, тарыхы да бизге мурасталып жетти.

Эми, жер атын го сактаптырбыз, тарыхый эстелигин кантип жатабыз?

Тээ 1950-жылдардын соңунда айтылуу “дың жерди бузуу” өнөктүгү жүргөн учурда Кочкор-Башынын урандылары жайгашкан жердин көпчүлүгү айдоо жерге айлантылган.

Азыркы Кум-Дөбө айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы шаар калдыгын жергиликтүү тургундар азыркыга чейин “Төрт-Күл” деп атап келишет.

Бул сөздөн да “шаар (коргон жай) калдыгы” деген маанини алса болот.

Эми эгемендик доорунда аны ого бетер көз карегиндей сактап, жергиликтүү туристтик жайга айлантууга кезек келдиби?

Кыргыз археологдору профессор Кубат Табалдиев жана анын кесиптештери Михаил Москалев менен Ороз Солтобаев эчактан бери бул шаар чалдыбарына мамлекеттик деңгээлде мамиле жасоого чакырып келишет.

Эгерде алыскы ордо шаардагы өкмөттүн колу бошобосо, анда айыл өкмөтү, райондук бийлик деген да бар эмеспи. Кыргызстанда жергиликтүү өздүк башкарууну чыңдоо тууралуу чакырыктар таштагандар ушулар эмеспи?

Ал эми Кочкордогу жергиликтүү айыл жана район бийлиги болсо, маалыматтарга караганда, ушул тапта алиги шаар чалдыбарынын ордунун макамын өзгөртүп, бул чакан тарыхый жайга турак жай салуу укугун алуу үчүн күрөшүп жатышкан экен.

Бул тууралуу археолог Ороз Солтобаев 1-июлда телефон аркылуу маегибизде билдирип, “айыл өкмөтү, райондук акимияттын айрым өкүлдөрү Төрт-Күлдү археологиялык эстелик жай катары көз карегиндей сактап, иликтөө тууралуу ойлорубузду оболу угуп да коюшкан жок!” деп күйбөгөн жери күл болуп айтты.

Кейиштүүсү, ушул мүнөттө биз айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүндүк ала алган жокпуз. Алардын жүйөсүн да угууга даярбыз. Уюкфон (mobile) номурун биздин бюрого таштап коюшса, дароо аларга да микрофон сунсак дегенде эки көзүбүз төрт.

Археолог Ороз Солтобаевдин айтымында, райондун прокурору Жолдош Дооронбеков Ороздун көзүнчө алгачкы күндөрү археологдорго иликтөөгө тоскоол кылган айыл өкмөт башчысы менен телефон аркылуу байланышкан соң гана эки-үч күн мурда Төрт-Күл шаар чалдыбарында археологиялык иликтөө жумуштарын баштоого уруксат алынган.

Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбары. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.


Бирок башкы маселе – быйылкы археологиялык казуу иштери эле эмес, болочокто да бул шаар чалдыбарын тарыхый эстелик макамы сакталган өзгөчө жай катары сактап калуу зарылдыгы, дешет кыргыз археологдору.



Учурда “Азаттыктын” кабарчыларынан тышкары, жергиликтүү кабарчылар да бул чатак окуяны иликтөө үчүн аракет кыла башташканын археологдор айтышты.

Менимче, азыркы тапта туризм десе эле көзгө басар жай сыяктуу Ысык-Көлдү телмире карабастан, ар бир өрөөндө, ар бир айылда чөлкөм таануу музейлери, саякат багыттары иштелип чыгышы абзел.

Батыш Европаада (Улуу Британияда, Испанияда, Германияда, Чехияда, Швейцарияда, ж.б.), маселен, шаар калдыгын мындай кой, тээ үңкүрлөрдөн жана чокулардан бери саякат жайына, “туристтик мазарга” айлантып алышыптыр.

Ала-Тооддогу ошондой туристтик жайлардын арасында тоо чокулары, ажайып көлдөрү гана эмес, Таластагы “Манастын” күмбөзү, Сулайман-Тоо, Бурана (мурдагы Баласагын), Өзгөн, Сапид-Бөлөн, Таш-Рабат, Кошой-Коргон, Барскоон, Кочкор-Башы (азыркы Төрт-Күл), Соң-Көлдөгү "Манастын мамысы", сак жана түрк доорлорунан калган эстеликтер, Саймалы-Таш, Ноокаттагы ж.б. тарыхый эстеликтер, байыркы жазуулар, балбалдар, ж.б. сакталган жайларыбыз арбын.

Деги койчу, ар өрөөндөн бир нече “туристтик мазарды” санап өтө алабыз.

Буларды аздектей албасак, дагы бир манкурттарыбыз, эсеби маселен, “Кочкор” же “Ат-Башы” аталыштарын “малдын аты экен, уят” деп, “Сокулук”, “Кара-Балта”, “Бишкекти” үй тиричилик шаймандарынын аты экен деп жерип, алардын ордуна ушул жактан чыккан кайсы-бир “лөктүн” атын койолу деп сунуш кылышы деле ажеп эмес.

Менимче, жамы журт жана жергиликтүү бийликтер “Кочкордун жер АТЫН да сактайлы, андагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын калдыгынын ЗАТЫН да илимге, болочокку урпактарга сактайлы” деп демилге көтөрүп чыкса дурус болмок.

Түз линк
XS
SM
MD
LG