Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков бүгүн журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе жабык эшик артында бүгүн өтө турган коалициялык көпчүлүктүн жыйынында так белгилүү болот. Жогорку Кеңештин кезесиз жыйынында Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү, БШКнын калган эки мүчөсүн шайлоо өңдүү олуттуу маселелер талкууга алынаары күтүлүүдө.
Кечээ Жогорку Кеңештин бир катар фракциялары маанилүү мыйзамдар каралбай калганын айтышып, кезексиз жыйын өткөрүү керектигин билдирип чыгышкан. (KKs)
Кечээ Жогорку Кеңештин бир катар фракциялары маанилүү мыйзамдар каралбай калганын айтышып, кезексиз жыйын өткөрүү керектигин билдирип чыгышкан. (KKs)