Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Башар Асад Хама шаарынын мэрин кызматтан алды


Сирия президенти Башар Асад Хама шаарынын губернаторун кызматтан алды. Бирок бул маалыматты тараткан мамлекеттик САНА агенттиги анын себебин кабарлаган жок.

Кечээ өлкөнүн борборунда орун алган бул шаарда 200 миңдей киши президент Башар Асаддын режимине нааразылыгын билдиришкен. Активисттердин айтымында, өлкөнүн булуң-бурчунда өткөн акцияларда демонстранттар менен полициянын ортосудагы кагылышууларда аз дегенде 11 киши набыт кетти.

Укук коргоочулар өкмөткө каршы акциялар башталган март айынан бери 1 миң 400дөй бейкүнөө киши окко учканын айтып келатышат. Асад өкмөтү өлгөндөрдүн саны мындан аз деп, "козголоңду куралчан бандиттер жана чет өлкөлүк кутумчулар уюштуруп жатат" деп билдирүүдө. Кечээ жума намазынан кийин Сириянын чар тарабында бийликке нааразы болгон эл көчөлөргө чыккан.

XS
SM
MD
LG