Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Июнь коогалаңында кызмат кылган медиктер сыйланышты


Июль айынын биринчи жекшембисинде белгилене турган Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкектеги Улуттук филармонияда салтанаттуу жыйын өтүп, анда президент Роза Отунбаева 60тан ашык медицина кызматкерлерине ар кыл мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Коогалаңда көрсөткөн кесипкөйлүгү үчүн “Эрдик” медалы менен Ош шаардык Тез жардам кызматынын өкүлү Ысманбек Арзибаев жана “Даңк” медалы менен Ош шаардык ооруканасынын бөлүм башчысы Махмуд Батыров сыйланды. Андан тышкары, 26 медицина кызматкерине Эмгек сиңирген дарыгер жана 7 дарыгерге Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери деген наамдар ыйгарылды, 31 адамга Ардак грамота берилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG