Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Стросс-Кандын ишинде күмөн саноолор пайда болду


Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Кан соттун атайын угууларынан кийин койо берилди. Нью-Йорк шаарынын соту ал үй камагынан бошотулганын, күрөөгө коюлган 1 миллион доллар кайтарылганын айтты. Бирок сексуалдык кылмыш үчүн айыпталып жаткан Стросс-Кандын паспорту азырынча берилбейт.

Прокурор жабыркаган аялдын көрсөтмөлөрү суроо туудурат, ага ишенүүгө болобу деген күмөн саноолор пайда болгонун маалымдады.

Соттолуучунун адвокаты Брафман ага тагылган айыптарды төгүнгө чыгаруу аракетин уланта берээрин билдирди:

- Эң башынан бери эле бул иш мандемдүү сезилген. Бүгүн туура багытка чоң кадам ташталды. Эмки кадам айыптын таптакыр алынып салышы менен аяктайт.

Франциялык саясатчы, 62 жаштагы Стросс-Кан социалисттердин президенттик шайлоодогу күчтүү талапкери болот деп күтүлгөн. 14-майда ал Нью-Йорктогу мейманканалардын биринде бөлмө тазалаган аялга асылып, зордуктоого аракет кылган деген айып менен камакка алынып, бир нече күндөн кийин кызматынан чегинген. Соттун эмки отуруму 18-июлга белгиленди.

XS
SM
MD
LG