Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

БШК календардык планын бекитүү алдында


Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, календардык план президенттик шайлоого даярдык көрүү, аны өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу иштерин камтып, БШК ишинин мөөнөтүн жана тартибин аныктайт. Жакынкы күндөрү бул план иштелип чыгып, бекитилмекчи.

Учурда Боршайкомдун Акылбек Сариев төрагалык кылган курамы иш алып барууда. Кечээ бул курам президенттик шайлоого даярдык расмий башталганын жар салган. Ал эми парламент он мүчөсүн шайлап койгон БШКнын жаңы курамы качан ишин баштаары азырынча так белгисиз. Сариев БШКнын жаңы курамы расмий отурумга чогулганга чейин азыркы курам ишин улантаарын “Азаттыкка” ачыктаган.

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында президенттик шайлоону 30-октябрга белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG