Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Дарыгерлердин күнү белгиленүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кесиптик майрамга карата Кыргызстанда 66 медицина кызматкерлери ар кыл мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Жалпысынан 26 медицина кызматкерине Эмгек сиңирген дарыгер жана 7 дарыгерге Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери деген наамдар ыйгарылды, 31 адамга Ардак грамота берилди. Мындан тышкары июнь коогасындагы кесипкөйлүгү үчүн эки медицина кызматкери “Эрдик” жана “Даңк” медалы менен сыйланышты.

Июль айынын алгачкы жекшембисин медиктер күнү катары белгилөө 1993-жылдын 8-июнунда өкмөттүн номур 253-токтомуна ылайык бекитилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG