Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Коогада жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштайт


Июль айынын ортосунан тарта чакан ишкана элерине жеңилдетилген насыя берилерин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, июнь окуяларында жабыркаган 2104 чакан ишкана ээлерине 150 миң сом өлчөмүндөгү насыя он жылга берилет. Алгачкы бир жыл ичинде эч акча төлөнбөйт. Ал эми коогада жабыркаган 375 чоң ишканага ири суммадагы каражат берүү үчүн бир катар банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Насыя берүү иштери сентябрь айына чейин уланаары күтүлүүдө. Ушул тапта ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG