Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Греция финансылык жардамды 15-июлга чейин алат


Греция финансылык жардамдын кезектеги бөлүгүн 15-июлга чейин ала алат. Мындай чечим евро мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында кабыл алынды. Греция өкмөтү үмүт арткан 12 миллиард евро өлкөнү дефолттон сактап калмакчы. Каражаттын ири бөлүгү бирдиктүү валютаны пайдаланган өлкөлөр тарабынан берилүүдө, 3 миллиарддан ашуун еврону Эл аралык валюта фонду убада кылган. Фонддун соңку чечими эмки жумада белгилүү болот. Жардамды алуу үчүн бир катар үнөмдөө чараларын көрүү шарты коюлган. Грек парламенти бейшембиде өкмөттүн тиешелүү мыйзамдарын жактырды. Добуш берүү жалпы иш таштоо, жумушчулардын нааразылык демонстрациялары менен коштолду.

XS
SM
MD
LG