Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Президенттик шайлоо: лидер жок, атаандаштык бар


Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү, Бишкек, 2010-жылдын 29-апрели.
Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү, Бишкек, 2010-жылдын 29-апрели.

Кыргызстанда саясий атаандаштык түзүлдү, мындай системаны сактап калуу өлкө калкы менен саясатчыларынан көз каранды.

Мындай пикирин Борбор Азия боюнча эксперт, Вашингтондогу Жорж Мэйсон (George Mason University) университетинин профессору Эрик Макглинчи (Eric McGlinchey) "Азаттыкка" курган маегинде айтты.

- 2010-жылдагы бурулуш окуялардан кийин бир катар өлкөлөр Кыргызстанды мамлекеттүүлүгү кыйроо алдында турган өлкөлөрдүн катарына кошуп келген. Сиздин бааңыз кандай болду экен?

- Кыргызстандын учурдагы абалы менен буга чейинкисин эле салыштырып көрсөк - эң кызыгы алдыдагы шайлоо жыйынтыгы кандай болоору белгисиз. Атаандаштык дагы, ошондой эле жыйынтык бурмаланышы дагы мүмкүн. Демек, Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөндөй өтө катуу жарыш болот.

Бул өзү чоң жетишкендик жана атаандыштыкты өнүктүрүүнүн мындай чөйрөсүн түзгөнү үчүн убактылуу өкмөткө алкыш айтуубуз керек.

Эрик Макглинчи: мурункуга караганда азыр оптимисттик көз караштамын.

Өтө маанилүү нерсе – күздөгү шайлоодо ким жеңет? Шайлоодо жеңген жетекчи кайрадан президенттик башкарууга кайтабыз десе кандай болот?

Анда өлкө күрөшүп жеткен өзгөртүүлөр жоготууга учурап, Конституция түптөлбөгөндүгүн көрсөтөт.

- Сиз айткандай, Кыргызстан саясий айдыңда өнүгүп жактканы менен улуттук экономика чабал бойдон. Ушундай кырдаалда өлкө жетишкендиктерин канчалык ишенимдүү сактап калат?

- Саясат менен экономика тыгыз байланышкан, андыктан жагдайдан чыгуу кандай экенин айтуу кыйын. Албетте, сиз айткандай, чабал экономика саясий туруктуулукту камсыздоого узак кедергисин тийгизет. Эгер адамдардын негизги керектөөлөрү канааттандырылбаса, алар кайдан өкмөткө ишеним артсын.

Өкмөт туруктуулукту камсыздап, жеке менчикти кайтарып бере албаса, маселен кимдир бирөо өз акчасына дүкөн салса, аны келип башка бирөө тартып алса, же бирөөгө “салык төлөп турса” – бул чоң көйгөй болушу мүмкүн.

Кыргызстан жеке менчикти, инвестицяны коргой турган система менен чыныгы көз карандысыз, адилет сот түзмөйүнчө экономикалык болобу, саясий болобу өсүүгө жете албайт деп ойлойм. Бул өтө принципиалдуу жана маанилүү маселе.

- Кыйынчылыктарга карабай Кыргызстан демократияны өнүктүрүү жолунда. Бул багыттагы негизги өнөктөш саналган АКШ эмнеге Кыргызстанга бараандуу экономикалык жардам бербейт?

«Манастагы» Эл аралык жүк ташуучу борбордогу жетекчилик алмашуу, 2010-жылдын 15-июну

- Ооба, Вашингтон Кыргызстанга каржы бере алат. Бирок менимче, Вашингтонду тынчсыздандырган жагы - Кыргызстанга акча-каражат жиберсе бул өлкөдөгү саясий туруктуулукка эмес тескерисинче туруксуздукка түрткү болбойбу?
“Манастагы” транзиттик базада күйүүчү май келишиминен түшкөн каражатты кыргыз өкмөтү кандай пайдаланып жатканы буга айкын мисал.

Бул келишимден бараандуу эле акча түшөт. Ал каражат алгач Акаевдердин, кийин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө кетти. Эми бул чоң акча дагы бир үй-бүлөнүн колуна түшсө, анын аягы дагы бир саясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн.

Андыктан, АКШ Кыргызстанга каражат ажыратуу жолдоруна келгенде, ал өлкөдөгү туруктууулукка өбөлгө түзөбү, же тескерисинче залакасын тийгизеби – бул маанилүү суроо.

Менин көз карашымда, каржылоонун эң жакшы жолу акчаны жеке эле кыргыз өкмөтүнө берип салуунун ордуна көз карандысыз уюмдарга, маселен маалымат каражаттарына колдоо болсо алар коррупциялык иштерди ачыктап, тийиштүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга көмөктөшөт.

- Анткен менен Кыргызстан парламентаризмди өнүктүрүүдө жол чаап баратат. Чабал улуттук экономика, Орусия баш болгон чоң өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктары турат. Кыргыз парламентаризмин куруу аракети оңунан чыкпай калат деген коркунуч жокпу?

- Мен бул жерде маселени Орусия, Казакстан, же Өзбекстандан көрбөйм. Чын-чынына келгенде Кыргызстандын саясаты кыргыз калкы менен кыргыз саясатчыларынан көз каранды. Ооба, Назарбаев, Путин, Каримов Кыргызстандагы парламентаризмге каршы болушу мүмкүн, анда эч кандай коркунуч жок.

ШКУга мүчө мамлекет жетекчилери, Астана саммити, 15-июн, 2011-жыл

Кыргыз эли гана парламентарзмди өнүктүрүп, анын жемишин көрүү же кайрадан президенттик башкарууга алмаштыруу жоопкерчилигин тартат.

Биз бул жерде Орусиянын ролун өтө эле ашкере баалап жатабыз. Кеп Орусияда эмес, Кыргызстандын өзүндө эмне болуп жатканы эң маанилүү экенинде.



- Кыргызстандагы саясатчылар, парламент мүчөлөрүнүн бир тобу менен жакындан таанышсыз. Алар деги өздөрү парламентаризмге ишенеби, сизге кандай туюлат?

- Бизде мындай сөз бар – саясий тең салмактуулук, парламентаризм демократиясы бар системаны эч ким жактырбайт. Бирок туңгуюк болуп калса бардык тараптар бирдей абалда болуп, кепке келчү система. Андыктан, кыргыз саясатчылары дүйнөнүн башка саясатчыларынан айырмаланат деп ойлобойм.

Менимче, эң жакшысы Кыргызстанда жеке бир лидерге байланбаган система түптөлчү жагдай болот. Айта турган нерсе бул сөзсүз эле саясатчылардын демократиялык идеяларынын бар-жоктугунан эмес бийликтин тең салмактуулугунан көз каранды болот.

Кыргызстандагы саясий жараяндарды, андагы саясатчылардын жүрүштөрүн карап туруп Кыргызстанда парламентаризмдин келечеги бар деп айтаар элем.

2010-жылы Кыргызстан чоң сыноолорду баштан өткөрүп, туруксуз учур болду. Андан кийинки бир жылда салыштырмалуу туруктуулук менен бейпилдик орноп, турмуш кадимки нугуна түшүп, бузулган калыбына келе баштады. Бул бизге үмүт менен кандайдыр бир оптимисттик маанай тартуулайт.

Албетте күздөгү шайлоодон кийин эмне болуп кетерине бир жагынан ишенкиребей, бир жагынан кооптонуп турам. Ага карабастан, Кыргызстанды узак жылдар билген киши катары мурункуга караганда азыр оптимисттик көз караштамын.

(Маектин орусчасын окуңуз)

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG