Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Отунбаева: БШКнын айрым мүчөлөрү эски мыйзам менен тандалды


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева “Кабарлар” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын парламент көрсөткөн сегиз мүчөсү эски мыйзам менен шайланып калды. Ал эми президент тарабынан көрсөтүлүп, колдоого ээ болгон эки талапкер жаңы мыйзам менен тандалды. “Бул президенттик шайлоодо айрым бир маселелерди жаратышы ыктымал. Мен буга көз жумуп коё албайм”, - дейт өлкө башчысы.

Парламенттин 8-июлга белгиленген кезексиз сессиясында БШК мүчөлүгүнө президент сунуштаган эки адамдын, Акылбек Сариев жана Эрик Ирискулбековдун талапкерлиги каралышы мүмкүн. 30-июлда БШКнын учурдагы төрагасы Акылбек Сариев 54 жана Эрик Ирыскулбеков 50 добуш топтоп, шайланбай калган. Эки талапкерди президент кайрадан көрсөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG