Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Жумушун таштап чет өлкөгө кеткен дарыгерлердин саны өстү


Ушул тапта Кыргызстан саламаттыкты сактоо тармагында 60 миңден ашуун адам иштейт. Алардын 12 миңден ашуунун врачтар, 28 миңдейин медайымдар түзөт. 2010-жылы бул тармакта иштеген 1,5 миңдей врач жана 3,5 миңден ашуун орто адистеги кызматкерлер жумушун таштаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жумуш таштагандардын 500гө чукулу чет өлкөгө кеткен. Бул 2000-жылга караганда эки эсе көп. Кызматтан кетүү себебин алар айлык акынын аздыгы, алыскы райондордо инфраструктуранын өнүкпөй, өздөрү социалдык жактан корголбой жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Кечээ, 3-июлда дарыгерлердин күнү белгиленди. Кесиптик майрамга карата 66 медицина кызматкери ар кыл мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. Июль айынын алгачкы жекшембисин медиктер күнү катары белгилөө 1993-жылдын 8-июнунда өкмөттүн номур 253-токтомуна ылайык бекитилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG