Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Кыргызстандын аймактарында кыйноо фактылары көбөйүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери Акыйкатчы институту тарабынан тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ыдык көрсөтүлгөн 42 учур катталды. Акыйкатчы кыйноо аркылуу күнөөсүн мойнуна алдыруу фактылары көбүнчө жер-жерлерде орун алып жаткандыгын ачыктады. Айталы, буга байланыштуу эң акыркы арыз 2-июлда Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы окуя боюнча келип түштү. Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери бул күнү Алтынбек Эсеналиевди уруулук кылды деген шек менен кармап, абакта ага кыйноо жолу аркылуу күнөөнү мойнуна алдыруу аракети менен зомбулук көрсөткөнү маалым болду. Учурда Акыйкатчы институу бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп, адам укугу бузулган-бузулбаганына иликтөө салууда.

Акыйкатчынын билдирүүсүндө, 2010-жылы милиция тарабынан ыдык көрсөтүлгөн 93 факт катталган. (EK)

XS
SM
MD
LG