Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Туйгуналы Абдраимов БШК төрагасы болду


Туйгуналы Абдраимов, БШК төрагасы. 2006-жылдын апрели.

Туйгуналы Абдраимов, БШК төрагасы. 2006-жылдын апрели.

Бүгүн (4-июлда) Кыргызстандын жаңы курамдагы Борбордук Шайлоо Комиссиясында (БШК) экинчи айлампадагы добуш берүүнүн натыйжасында БШК төрагасы болуп Туйгуналы Абдраимов шайланды. Ага БШКнын он мүчөсүнүн сегизи өз добушун берди.

БШКнын жаңы курамынын мүчөлөрү бүгүн биринчи отурумуна чогулуп, оболу жаңы төраганы биринчи айлампада шайлай алышкан эмес.
Добуш берүүгө катышкан БШКнын он мүчөсүнүн бешөө Туйгуналы Абдраимовго, төртөө Ишенбай Кадырбековго добуш берген. Бир бюллетень жараксыз чыгып, шайлоонун жыйынтыгы туура эмес деп табылган эле.

Туйгуналы Абдраимов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда да БШК төрагасы болуп турган. Ал саламаттыкты сактоо министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматтарын да аркалаган. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG