“Тайланд үчүн” деп аталган оппозициялык партиянын лидери Йинглак Чинават башка төрт партия менен коалиция түзүүнү макулдашканын билдирди. Коалиция парламенттеги орундардын 60% ээлемекчи. Кечээги шайлоонун жыйынтыгында “Тайланд үчүн” партиясы 500 орундуу парламенттен 265 орун алмай болгон. Эми анын жетекчиси Йинглак Чинават өлкөнүн алгачкы аял премьер-министри болгону турат.
Азыркы өкмөт башчы Абхисит Ветчачиванын Демократиялык партиясына 159 орун тийди. Ветчачива бүгүн партиянын лидерлигинен кеткенин жарыялады.
44 жаштагы Йинглак Чинават мурдагы премьер-министр Таксин Чиноваттын карындашы болот. Т.Чинават 2006-жылдагы аскерий төңкөрүштө бийликтен кулатылган эле. Эми ал саясатка кайтпай турганын бүгүн билдирди.