Америка Кошмо Штаттары мамлекет катары түзүлгөнүнө бүгүн 235 жыл толду. Бул күнү 1776-жылы жаңы мамлекеттин түптөлүшүнүн башында тургандар Түндүк Америкадагы колонияларды Британиядан көз карандысыз өлкө катары жарыялашкан. Мамлекеттин алгачкы президенти Жорж Вашингтондун үй-музейинде бүгүн 100 жаңы жаран ант берет, өлкө боюнча түрдүү оюн-зоок иш-чаралары, концерттери өтөт. Кечкисин ири шаарларда, анын ичинде Вашингтондо, Нью-Йоркто, салют атылат.