Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

НАТО менен Орусия Ливия боюнча мунаса таба алышпады


Бүгүн Сочиде НАТО-Орусия кеңешинин жыйынынан кийин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров: “Азырынча резолюцияны кандайча ишке ашыруу боюнча жалпы бир пикир табыла элек”, - деди. Лавров Ливияда лидер Муаммар Каддафинин объектилерин абадан сокку урууга уруксат берген Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы тууралуу сүйлөдү. Орусия ал резолюция добушка коюлганда калыс позицияда калган жана ошондон бери Ливияга каршы чабуулдардын мөөнөтү жана алкагы боюнча нааразылык билдирип келген.

Бүгүнкү жыйында Ливия боюнча ортомчулук кылып жаткан Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө Африка кеңешинин сунушун билдирди. Лавров бул сунуш иликтенээрин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG