Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Ирак согушчандары 8 аскерди катардан чыгарды


Ирактын шаарларында коопсуздук күчтөрүнө жасалган чабуулдарда 8 полициячы жана жоокер окко учту, 20 адам жарадар болду. Ырасмий билдирүүдө 3-4-июль күндөрү согушчандар Багдад, Киркук, Мосул жана башка шаарларда полиция менен аскерлерге кол салышканы белгиленет. Багдадын ортолугундагы Рашид конок үйү кечээ кечинде ракетадан аткыланганда үч кызматкер курман болуп, сегиз кызматкер жараат алган.

Удаа эле Багдаддын түштүк-чыгышы да ракетадан аткыланды. Серепчилер согушчандардын чабуулу АКШ декабрда аскерлерин чыгарып кетүүгө даярданып жаткан чакта күчөдү дешет. Июнда согушчандардын чабуулу америкалык 14 жоокерди катардан чыгарган. Июнь Ирактагы АКШ аскерлери үчүн соңку үч жылдагы эң кандуу ай болду.

XS
SM
MD
LG