Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Иран-Азербайжан: Кагылышта азери жоокер окко учту


Ирандын чек арасында болгон аткылашууда Азербайжан жоокер окко учканы маалымдалды. Азербайжандын чек ара кызматынын билдиришинче, жоокер 3-июлда чек арачылар менен куралдуу топ ортосундагы аткылашууда ок жеген.

Ырасмий билдирүүдө куралдуу топ Иран тарапка кире качканы айтылат. Бирок өкмөттүк ИРНА агенттиги Ирандын ички иштер министринин найыбы (орун басары) Али Абдуллаиге шилтеп, азери аскерлер Ирандын аймагына кирип барып, "токто" деген буйрукту укпагандан кийин уруш чыкканын кабарлады. Али Абдуллаинин сөзүнчө, эки тарап окуяны дипломаттык каналдар аркылуу изилдейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG