Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Бостериде милициядан ок жеген балдар операцияга муктаж


Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын дарыгери Амантур Торготов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери менен болгон жаңжалда ок жеген эки баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бүгүн аларды операция жасоо үчүн Бишкекке жөнөткөнү жатышат.

4-июлда кечке маал Бостеридеги “Асыл-Таш” пансионатында жергиликтүү балдар менен милиция кызматкерлери мушташа кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлери курал колдонуп, эки бала октон жаракат алып ооруканага жаткырылды. ИИМ жергиликтүү балдар милицияга кол көтөргөндүктөн тартип коргоо органдары курал колдонууга аргасыз болгон деп билдирүүдө. Учурда бул факт боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG