Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Сириянын Хама шаарында 250 киши камакка алынды


Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын президенти Рамид Абдырахман Рейтер агенттигине билдирди. Догдурлар үч киши мерт болгонун кабарлашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Хама шаарына кеминде 30 автобус менен келген аскерлер ар бир үйдү тинтип, камап, айрым учурларда аткылашты.

Бир ай мурда коопсуздук кызматкерлери бул шаарда нааразылыкка чыккандардын алтымыштайын атып салганы кабарланган. 1-июлда президент Башар Асаддын бийлигине каршы массалык нааразылык кайрадан жанданган. Укук коргоочулар Сирияда нааразылык акциялары башталганы 1300дөй адам мерт болгонун айтып келатат.

XS
SM
MD
LG