Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Дүйнөлүк соода уюму Кытайдын аракетин "мыйзамсыз" деп баалады


Дүйнөлүк соода уюмунун комиссиясы Кытайдын айрым кен байлыктарын тыш өлкөлөргө сатууну чектөөсүн мыйзамсыз деп тапты. Ырасмий Бээжин улуттук өнөр жай үчүн зарыл болууда деп, боксит, магний, кремнийди тыш өлкөлөргө чыгарууну чектеп койгон болчу. Ушундан улам Кытайдын үстүнөн 2009-жылы АКШ, Европа Биримдиги жана Мексика арызданган эле.

Кытай Дүйнөлүк соода уюмунун комиссиясынын чечими боюнча сотко кайрыла алат.

АКШ жана Евробиримдик Кытай жогорку технологиялык заттарда колдонулчу сейрек металлдарды экспортко чыгарууну чектеп койду дешип, Дүйнөлүк соода уюмуна дагы бир арыз жөнөтүшкөн.

XS
SM
MD
LG