Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Бишкекте Кыргыз-Индия биомедициналык илимий борбору ачылды


Борбордун ачылыш аземине президент Роза Отунбаева катышып, бул жерде Кыргызстан илимин дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган бийик тоолуу медицина жана физиология жаатында изилдөөлөр жүрүп тураарын белгиледи. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, борбордо адамды бийик тоолуу аймактагы климатка ыңгайлаштыруу, жумушка жөнөмдүүлүгүн жакшыртуу жана тоолордо операция учурунда ооруну басаңдатуу боюнча беш жылдык эл аралык илимий долбоор ишке ашырылмакчы.

Борборду ачылышына Индиянын коргоо министри Шри А.К. Энтони, Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Кыргызстан саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков катышты.

Кыргыз-индиялык тоолуу биомедициналык илим борборун куруу боюнча өкмөт аралык меморандумга 2008-жылы кол коюлган. Борбор Мирхамид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун базасында түзүлүп, жабдыктарды сатып алуу үчүн 400 миң доллардан ашуун каражат сарпталды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG