Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Ахмединежад аял-эркектерди бөлүп окутууга каршы


Президент Махмуд Ахмединежад кээ бир университеттерде аялдарды эркектерден бөлөк окутуу жөнүндөгү жаңы планды сындап, тез токтотууну буйруду. “Бул жаңылыш жана эси жок аракет тез токтотулуш керек”, - деп жазат Ахмединежад өз сайтында. Кээ бир эскичил диниятчылар айрым бир университеттерде эркек-аялдардын чогуу окуусун токтотууну сунуш кылып жатканы кабарланган эле. Ирандын билим берүү тармагынын жетекчилери мындай план бар экенин танышууда. Ирандын элинин экиден үчү же 66 процент чамалуусу 30 жашка чейинки курактагы жаштар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG