Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бишкекте Борборазиялык микрофинансы саммити өтүүдө


Борбор Азиялык биринчи жолку микрофинансы саммитинин ачылышы Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында өтүүдө. Иш-чаранын максаты – региондогу микрофинансылоонун ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөтүү, ага ички жана тышкы донорлордун көңүлүн буруу жана микрокаржылоону жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн негизги инструменти катары пайдалануу болуп саналат.

Эки күн аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Тажикистандын микрокаржылоо компанияларынын өкүлдөрү жана эл аралык талдоочулар өз өлкөлөрүндө насыя берүү боюнча тажрыйбалары, жаңы идеялары менен бөлүшөт. Бул система Кыргызстанда 1990-жылдардан тарта иштей баштаган.

2000-жылы финансы-насыялык мекемелдердин насыя куржуну 586 миллион сомду түзүп, насыя алган жарандардын саны 19 миң киши болгон. Ал эми 2010-жылдын аягында микрокаржылоо секторунун кардарлары 390 миң кишиге жетип, насыянын көлөмү 11 миллиард сомду түздү. Саммитке президент Роза Отунбаева да катышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG