Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Токтонасыров Килюнендин Кыргызстанга келишине каршы


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыкты. Ал Киммо Килюненди "такталбаган, шашылыш даярдалган материалдардын негизинде отчет жарыялап, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылган" деп айыптап жатат. Укук коргоочунун пикиринде, "Килюнендин кайра келиши бул дагы бир шоу-спектаклдин уландысы болушу мүмкүн".

Июнь коогасы боюнча эл аралык комиссия корутундусун 3-майда жарыялаган.

Жогорку Кеңеш 26-майдагы отурумунда Килюнен жетектеген комиссиянын корутундусун бир тараптуу деп баалап, өзүн персона нон-грата деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган эле.

Президент Роза Отунбаева парламенттин бул чечимин сындаган болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2-июлда маалымат жыйында Килюнен Кыргызстанга келиши ыктымал экенин айткан. Төрага кыргыз депутаттары Финляндияда Килюнендин демилгеси менен жолугушуу өткөргөнүн, эл аралык комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калганын белгилешип, андагы кемчиликтерди айтышканын маалымдаган.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен эгер кыргыз парламенти анын пикирин угууга кызыкдар болсо, Кыргызстанга келүүгө даяр экенин “Азаттыкка” 5-июлда билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG