Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Грузия полициясы беш фотокабарчыны камакка алды


Алардын катарында Pressphoto агенттигинен Зураб Курдцикидзе, ТИМден Георгий Абдаладзе жана президенттин маалымат борборунан Ираклий Геденидзе жана анын аялы Натия бар. ИИМ бул кармоо боюнча маалымат бере элек. Бейрасмий маалыматтарда кармалгандар чет өлкөлөрдүн бирине Грузиянын кызыкчылыктарына каршы ар кандай маалыматтарды берип турган деп айыпталып, Кылмыш Кодексинин 314-беренеси боюнча айып тагылганы айтылууда. Ассошиейтед пресс агенттигинин фотокабарчысы Шах Айвазов да бейшембиде кармалып, сурактан кийин кайра кое берилгени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG