Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Орусия болочок мигранттарга тил үйрөтөт


Орусия өзүнө квалификациялуу жана орус тилин билген мигранттарды даярдоого киришти. 1-сентябрдан тарта Кыргызстанда Казан мамлекеттик технологиялык университетинин (КМТУ) филиалы ачылат. Бул долбоордун башкы максаты – болочок мигранттарга орус тилин үйрөтүү жана кесиптик билим берүү.

КМТУнун ректору Герман Дьяконов “Азаттыкка” билдиргендей, жогорку окуу жайдын бөлүмү адистерди жеринен даярдамакчы. Университеттин филиалы Кант шаарында ачылды.

- Учурда Кыргызстандан лицензиялардын пакетин алдык. Жакын арада Орусияныкын алышыбыз керек. Учурда абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат.

Ректор Герман Дьяконов кошумчалагандай, жакынкы арада студенттерге жогорку кесиптик гана билим берилмекчи.

- Азырынча биз жогорку кесиптик билим берүүгө уруксат алдык. Орто жана баштапкы билим берүү үчүн лицензия ала элекпиз, бирок алалы деп турабыз.

Орусияда иштегиси келгендердин саны жыл сайын көбөйүүдө.
Бул демилгени Орусиянын Федералдык миграция кызматы көтөрүп чыккан. Негизги максат – Кыргызстандан Орусияга барган мигранттарга жеринен орус тилин үйрөтүү жана адистик берүү.

- Маселен 100 адам дейли, алардын 70 пайызына орус тили жана Орусиянын мыйзамдары окутулат, баштапкы кесиптик билим берилет – бул дал ошол болочок мигранттарды баштапкы даярдыктан өткөрүү. Окугандардын 20 пайызы орто кесиптик билим алышат. Калган эң таланттуу делген 10 пайызы жогорку билимдүү болушат.

Ар кыл маалыматтар боюнча, Орусияда 500 миңден 700 миңге чейин кыргызстандык эмгектенет.

Кабыл алуу башталды

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Сонун Адрешева Казан университетинин Кантта ачылганын ырастады.

- Азыркы убакта кабыл алуу комиссиялары иштеп жатышат. КМТУнун директорлору келип, ишти башташкан. Быйыл биринчи курска биринчи жолу кабыл алып жатышат.

Сонун Адрешеванын маалыматы боюнча, бюджеттик орундарды Казан университети өзү камсыз кылмакчы. Бирок орундардын канчасы бюджеттик, канчасы келишимдин негизинде экендиги тууралуу маалымат жок.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Эдил Молдоев кайсы адистиктерге кабыл алуу жүрүп жаткандыгын айтып берди:

"Экономика жана менеджмент, мунай-газ адистиги боюнча жана кийим тигүү".

Тил билбей, кыйналгандар миңдеп саналат
Юридикалык жактан алганда, кыргызстандыктар алгачкы курстарды Канттан бүтүрүшүп, андан соң Казанга которулушат. Ошентип дипломду Татарстандан алышат.

- Жогорку курска барганда, айрыкча мунай-газ адистиги боюнча, Казанга которулуп, ал жактан бүтүп, ошол тармакта иштейт. Мындан тышкары да булардын бир чоң максаты – баштапкы кесиптик окуу жайлардагы балдардан Татарстанга керектүү адистерди бул жерден даярдап, аларды Казанга алып барып иш берүү.

КМТУнун ректору билдиргендей, университет бүтүрүүчүлөрүнүн 97 пайызын окуу жай өзү бөлүштүрүп, жумуш менен камсыз кылат.
Орусиянын Федералык миграция кызматы мигранттарды жеринен орус тилине үйрөтүү жана кесип берүү идеясын көптөн бери талкуулап келет.

Күтүп ал, Орусия

Учурда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан Орусияга барган мигранттардын негизги көйгөйү – алардын орус тилин начар өздөштүргөндүгү.

Бул боюнча орус бийлиги кулак кагыш кылып, жакынкы арада Кыргызстандын айрым аймактарында Орусияга аттанган мекендештерибиз үчүн атайын орус тилин үйрөтчү курстар да ачылмакчы. Бул - Казан технологиялык университетинен башка долбоор.

Кыргызстан жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаев да "орусча билбей туруп, Орусияга иштегени кеткендердин саны жылдын-жылга өсүүдө" дейт.

Ошто өткөн миграция тууралуу талкуудан бир көрүнүш.
Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Орусиянын бийликтери Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, жакында эмгек мигранттар “оргнабор” аркылуу же кыргызча айтканда уюшкан түрдө Орусияга барышмакчы.

Бул сунушка май айында Ошто премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн миграция боюнча конференцияда да басым жасалган.

- Орусияга чыгардын алдында мигранттарыбыз даярдыкты Кыргызстандан өтүшү керек – бул негизги идея. Ал даярдыкка тил билүү, адистик-техникалык лицейлерден курстарды өтүү, медициналык текшерүүдөн өтүү кирет. Жакынкы айлар ичи бул боюнча келишим макулдашылса, өкмөт кол койот, - дейт Нурдин Тынаев.

Ал эми Казан технологиялык университети келерки жылы өз филиалдарын Тажикстанда жана Казакстанда ачмакчы.

Кошумчалай кетсек, учурда Орусиянын Твер облусунда жайгашкан Ржев айыл чарба колледжинде 250дөн ашуун кыргызстандык окуучу билим алып жатат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG