Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

"Геклберри Финндин жоруктары" китебинин бет ачар аземи болот


Бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада АКШ Элчилигинин колдоосунда басылып чыгарылган Марк Твендин "Геклберри Финндин жоруктары" жана "Журналистиканын негиздери" аттуу китептердин бет ачар аземи өтөт.

Элчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган китептер АКШ элчилигинин китептерди которуу программасынын алкагында басылып чыгарылган. "Геклберри Финндин жоруктары" китебинин 1500 нускасы мектеп, балдар жана коомдук китепканаларга таратылат. Ал эми Билл Ковач жана Том Розенстилдин "Журналистиканын негиздери" аттуу китебинин 1000 нускасы жалпыга маалымдоо каражаттары, журналистика факультеттери жана жогорку окуу жайлардын китепканаларына таратылып берилмекчи. Бул китеп АКШдагы журналисттер арасында популярдуулукка ээ болгон.

Иш-чарага АКШ элчиси Памела Спратлен, Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат комитетинин төрайымы Жылдызкан Жолдошева, Маданият жана маалымат министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG