Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Карачиде саясий-этностук чатак 40 адамдын өмүрүн алды


7-июлда Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында куралчандар эки автобусту аткылап, 10 киши окко учту, жыйырмага жакын жүргүнчү жарадар болду. Провинциянын коопсуздук министри Шарфуддин Мимундун билдиришинче, кол салгандар ордун тез таштап кеткендиктен, алардын ким экени азырынча белгисиз. Бийликтер Карачиде акыркы үч күндө саясый жана этностук жаңжалдан улам 40ка жакын адам өлгөнүн маалымдашты.

Карачи Пакистандын эң чоң шаары. Калаанын портунан Ооганстандагы НАТОнун күчтөрүнө кеме аркылуу келген түрдүү заттар жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG