Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Жалал-Абадда Жээнбековду колдогон митинг өтүүдө


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдагандай, Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбековдун кызматтан алынышына нааразы болгон эки жүзгө жакын адам мэрия имаратынын алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар мэриянын жанында боз үй тигишип, Жээнбековдун мэр бойдон калышын талап кылышууда. Жээнбеков элди таркап кетүүгө үндөгөнү менен чогулгандар буга макул болбой жатат. Учурда Максатбек Жээнбеков менен Жалал-Абадда жүргөн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Кечээ өкмөттүн басма сөз кызматы Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков Орусиянын жараны деген жүйө менен кызматтан алынганын кабарлаган. Жагдай боюнча Жээнбеков комментарий бере элек. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG