Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Ак үйдүн алдында эки жүздөй адам митинг өткөрүүдө


Алар “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен деген шек менен камакка алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында жаткан Айнура Симдин баш коргоо чарасы өзгөртүү жана анын эжеси аталган Раушан Рыкунованы актоону талап кылышууда.

Мындан тышкары чогулгандар УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетиши керектигин билдиришип, алардын талаптарын угуу үчүн депутаттарды сыртка чыгууга үндөшүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эже-сиңди Раушан Рыкунова менен Айнура Сим "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен" деген шек менен июнь айынын орто ченинде кармалышкан.

20-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук соту аларды бир ай, эки күнгө камакта кармоого чечим кылган. Ушул апта башында алардын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышып, натыйжада Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Ал эми анын сиңдиси аталган Айнура Сим УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калган.

Апрель окуялары учурунда Раушан Рыкунова “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телекомдун” 51 пайызына ээлик кылууну көздөп келе жаткан Penwell компаниясынын өкүлү катары иштеп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG