Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Панфилов дивизиясынын түзүлүшүнүн 70 жылдыгы белгиленет


Бул мааракеге карата 11-июлда Токмоктогу аскердик гарнизондо Советтер Союзунун баатыры Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын аскердик шаарчасы жана штабынын ачылышы болот.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары катышат. 12-июлда Бишкектеги Панфилов паркында митинг-реквием өткөрүлөт. Ошондой эле Бишкек четиндеги Кой-Таш айылында илимий-практикалык конференция уюштурулат.

Улуу Ата мекендик согуш башталганда Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп келген. Согуштун алгачкы жылы Панфилов 316-аткычтар дивизиясына командачылык кылган. Бул дивизия Москва алдындагы салгылашуу менен тарыхта калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG