Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Грузия кармалган журналисттерди тыңчылар деп ачыктады


Президент Саакашвилинин маалымат катчысы бейшембиде камакка алынган төрт фото журналисттин «тыңчылык түйүнгө» байланышы бардыгын айтты.

Маалымат катчы журналисттердин камалашы алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эместигин кошумчалады.

Кармалган журналисттер кайсы бир чет өлкөнүн кызыкчылыгына иштеген деп айыпталып, бирок ал өлкөнүн аты айтыла элек.

«Европалык Пресс фото» агенттигинин сүрөтчүсү Зураб Курцикидзе, штаттан тышкаркы кабарчы Гиоргий Абдаладзе жана Саакашвилинин жеке сүрөтчүсү Иракли Геденидзе аялы Натия Геденидзе менен камакка алынган. «Associated Press» агенттигинин сүрөтчүсү Шах Айвазов кыска мөөнөткө камалып бошонгон.

XS
SM
MD
LG