Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстан Ташкенге өткөргөн качкын түрмөдө көз жумду


"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, 2005-жылы Анжияндагы нааразылык акциясына катышкан 34 жаштагы Абдуманнон Артыковдун сөөгүн урук-туугандарына 24-июнда өткөрүп беришкен. Терроризм айыптоосу менен кесилген Артыковдун түрмө мөөнөтү өткөн айда аяктамак. Бирок ал акыркы күндөрү жалгыз камерада кармалып, белгисиз кине менен дагы бир мөөнөткө кесилген.

Артыков 2005-жылдын 13-майында Анжиян окуясы маалында Кыргызстанга өтө качкан. Кыргызстандын коопсуздук кызматтары Артыков менен кошо дагы алты өзбек жаранын Өзбекстанга өткөрүп берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG