Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Кыргыз-казак мамилелери талкууга алынууда


Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак мамилелерине арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстан жана Казакстандын коомдук ишмерлери, тарыхчы-окумуштуулары жана журналисттер катышууда.

Казак тарых илимдеринин доктору Камбар Атабаев бүгүнкү күндө элдин түпкүлүктүү ынтымагы солгундап, такталбаган материалдар менен айың кептерди угуп, ар ким өз алдынча тарыхты бурмалап жазып жатканын билдирди.

Конференциянын катышуучулары эки ортодогу мамилени чыңдоо үчүн эки элдин адистери биргелешип тарыхты жазуусу керектигин, эркин экономикалык аймактарды түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Эл аралык конференция Кыргызстандын “Инсанат” жана Казакстандын “Кененсары-хан” фонддору тарабынан уюштурулган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG