Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

"Учур" москвалыктарды тамшантты


"Учур" театрынын актерлору оюндан кийин. Москва, 8-июль.
"Учур" театрынын актерлору оюндан кийин. Москва, 8-июль.

Драматург Султан Раевдин "Мекеге карай узак жол" драмасы ушул күндөрү (8,9,10-июль) Москвада өтүп жаткан Чехов атындагы X эл аралык театралдык фестивалда көрсөтүлүүдө.

Пьеса-уламышты белгилүү тажик театр режиссеру жана драматургу Барзу Абдуразоков коюп, аны "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын актерлору ойношууда.





Актриса Кыял Төрөгулованын студенттик кези да ушул көчөлөрдө өткөн. Анда ал Щепкин атындагы театралдык окуу жайында “Учур” театрынын болочок актёрлору менен чогуу актёрлук боюнча билим алчу. Мурда алар театрларга көрүүчү катары келишсе, эми болсо мурдагы студенттер белгилүү театрдын сахнасында Кыргызстандын атынан ойношууда.




Палата №7

“Мекеге карай узак жолду” жети каарман бир бөлмөдө ойнойт. Пьесанын негизги ою – Мекени, ыйыктыкты, тазалыкты адам өзүнүн жан дүйнөсүнөн издөө.

Адам жооп издеген философиялык суроолор акылынан тайган жети каармандын ар бир кыймыл аракетинде чагылдырылган. Алар: Император, Кемпир, Кыз, Адам, Бала, Көлөкө жана Акын.

"Учурдун" актерлору Москвада, 8-июль.
1 саат 45 мүнөт бою актерлор бир да жолу көрүүчүлөрдү жоготкон жок. Көрүүчүлөр эмоционалдуу пьесанын ар бир секундасын өтө чымыркануу менен угуп жана көрүп отурушту.

Пьеса бүткөн соң, көшөгөнүн артында тердеп, чарчап турган тажикстандык режиссер Барзу Абдуразоковго кайрылдык.

- Драма акылын жоготкондор тууралуу эмес. Бул жөн гана өтө жалгыз адамдардын окуясы. Бул адамдар эмнегедир өздөрүн бул дүйнөдөн жоготуп коюшкан жана башка дүйнөдөн издешет. Бул миллиарддаган адамдарын окуясы.

Көрүүчү жана режиссер Андрей Житинкиндин ою боюнча, режиссер кынтыксыз иштеген. Андан тышкары актерлордун оюну да сыймыктанаарлык.

Жети каарман бир оркестрдин мүчөсүндөй ойноду. Ошол эле убакта ар бири өзүнчө, бири-биринен аябай айырмаланышат, так образдар берилген, костюмдары да кошумча маалыматты туюнтат, дейт Житинкин.

Жүрөктүн жүрөккө болгон саякаты

Пьесанын автору, драматург Султан Раев өзү да спектаклге көрүүчү катары келген.

-Султан мырза, сиз аябай толкунданып отурдуңуз, эмнеге?

Султан Раев Орусиянын мурдагы маданият министри Михаил Швидко менен. Москва, 8-июль.
- Биринчиден, дайыма өзүмдүн спектаклимди көргөн сайын өтө толкунданам. Менин оюмча, актерлорго жеңил болсо керек. Автор болсо кыйналат, бардык нерсеге жооптуу, кээде көңүлүңдөгүдөй болбой калат. Экинчиден, бул жерде кыргыз тилинен орусчага котормосу кетип жатпайбы, аны да угуп, так болбой калган жерлерде кыйналып аттым.

- Пьеса сиз айтайын деген ойду бере алдыбы?

- Ооба. Абдан кыйын пьеса коюлду, философиялык ойлорду берүү кыйын да. Биз баарыбыз эле тазалыкты издейбиз. Бирок тазалык деген биздин жүрөгүбүздө. Адамдар бири-бирибиздин жүрөгүбүзгө барышыбыз керек.

“Учур” театрынын директору Шаршенбек Шейшенов болсо, пьесада козгологон маселелер учурда адамзаттын жашоосундагы туңгуюк тууралуу экендигин айтат.

- Кыргыз театр тарыхында дүйнөлүк Чехов фестивалына биринчи жолу биз катыштык. Буга чейин түркмөндөр, тажиктер катышкан. Бул жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз биз тандалдык.

“Меке ар бирибиздин жүрөгүбүздө”

Спектакль мына ушул сөздөр менен аяктайт. Кайнаган театралдык жашоосу бар Москва үчүн кыргызстандыктардын пьесасы, актердук оюну нөшөрлөп жааган жаан болду, ал чоң шаарда жашаган адамдардын жан дүйнөсүн бир аз да болсо тазалады окшойт...
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG