Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 19:59

Казакстанда куралдуу топтун 9 адамы өлтүрүлдү


Казак бийликтеринин айтымында, атышууларда Ички иштер министрлигинин “Сункар” атайын бөлүгүнүн бир кызматкери курман болду. Өткөн түнкү атышууларда дагы үч полисмен жаракат алганы кошумчаланды. Окуя Актөбө аймагындагы Темир районунда болгон.

Казакстанда бул куралчан топко каршы аскерий операция ушул айдын башынан бети улантылып келатат. 1-июлда белгисиз куралчан топ Шубарши айылында эки полисменди атып кеткен болчу. Ал окуя үчүн алты адам шектелип, аларга издөө жарыяланган. Өткөн түнү ИИМдин аскерлери ошол топку кармоо үчүн операция өткөрүүгө аракет кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG