Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

“Ата Мекен”: Атамбаев президент болом десе премьерлигин тапшырсын


Бул тууралуу “Ата Мекен” социалисттик партиясынын республикалык кеңешинин коомчуулукка жасаган кайрылуусунда айтылган. Анда жаңы президентти шайлоого үч айдан ашуун гана убакыт калганы, аны менен Кыргызстанда апрель айында авторитардык режим кулатылгандан бери башталган өткөөл мезгил жыйынтыкталаары айтылат.

"Шайлоо системасын демократиялаштыруу багытында БШКнын төрагалыгы менен анын орун басарлыгына парламенттеги оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү шайланды. Биздин өлкөдөгү бийлик эч качан шайлоо комиссияларынын башында турган күчтүү “куралды” “чоочундардын” колуна берүүгө шашкан эмес. Бул көрүнүш Конституция кепил болгон теңсалмактуулук системасы бекем экендигин жана иштеп жаткандыгын дагы бир жолу айгинелейт”, - деп жазылат кайрылууда.

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандагы бардык прогрессивдүү күчтөрдү “Таза шайлоо үчүн!” кыймылына биригүүгө үндөйт. Ошондой эле теңата атаандаштыкты жана таза шайлоону камсыз кылуу үчүн шайлоого катышууну каалаган чиновниктерди кызматтык ыйгарым укуктарын тапшырууга чакырат. Мамлекет жетекчилеринин ичинен “Ата Мекен” өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин атын атаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG