Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

ЕККУ Беларусту камалган демонстранттарды бошотууга чакырды


Европанын коопсуздук боюнча башкы органы бүгүнкү билдирүүсүндө Беларуста өкмөткө каршы өткөн соңку демонстрацияларда абакка отургузулган 400дөн ашуун адамды тезинен бошотууга чакырык айтылат. Уюмдун парламенттик сессиясынын атайын резолюциясында “демонстрацияга чыккандар бошотулушу зарыл экени, алар саясий туткун катары таанылышы керектиги” да кошумчаланды. Беларус Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минсктеги өкүлчүлүгүн жаап салган жана уюмдун өкүлүн өлкөгө киргизбей жатат.

XS
SM
MD
LG