Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

АКШ президенти бюджет таңкыстыгын талкуулады


АКШ президенти Барак Обама Конгресстеги лидерлер менен бюджеттеги таңкыстыкты талкуулады. Демократтар менен республикачылар ортосунда бюджетти кыскартуу ыкмасы боюнча талаш болуп жатат. Обаманын администрациясы кыскартууну байларга салыкты көбөйтүүнүн эсебинен, республикачылар бир катар социалдык программаларды жоюунун эсебинен жүргүзүү керек деп жатат.

2-августка чейин талаптар бир пикирге келе алышпаса, АКШ өкмөтү алдыдагы каржылоо милдеттерин аткарууга кудуретсиз болот. Каржы министри каржылоого кудуретсиз болуп калат. Каржы министри Тимоти Гейзер АКШ экономикасына эле эмес, дүйнөлүк экономикага зак кетет, “баш тартуу - тандоо эмес” деп билдирди. Президент Обама сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Ак үйдө маалымат жыйынын өткөрөт деп кабарланды.

XS
SM
MD
LG