Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Чүй прокурорун жана Кара-Балта мэрин кызматтан албоону талап кылышууда


Акыркы кадрдык дайындоолорго каршы митингдер бүгүн Чүй облусунда болууда. Кара-Балтада шаардын экс-мэри Оомат Казакбаевди кызматында калтырууну жана аны кызматтан бошоткондорду жоопко тартуу өтүнүчү менен бүгүн анын жактоочулары президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Бул маселе Кара-Балта шаар кеңешинин бүгүнкү отурумунда да каралды.

Ошондой эле бүгүн Чүй облусунун мурдагы прокурору Жунушалиевдин жактоочулары аны кызматында калтыруу талабы менен пикетке чыгышты. Алар жаңы дайындалган прокурор Кубан Молдобаевди иш ордуна коё бербей коюшту. Митингге чыккандар менен Баш прокурор Аида Салянова жолугушту. Бул тууралуу «7-апрель» коомдук уюмунан «Азаттыкка» маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG